Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышына байланыштуу кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек арада “Бедел” жаңы өткөрмө пунктунун ачылышына байланыштуу кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

https://president.kg/news/all/25685


************

Обращение Президента Садыра Жапарова по случаю открытия нового пункта пропуска «Бедель» на государственной границе между Кыргызстаном и Китаем


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сделал обращение по случаю открытия нового пункта пропуска «Бедель» на государственной границе между Кыргызской Республикой и Китайской Народной Республикой.

Текст обращения Главы государства:

https://president.kg/news/all/25685
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Билим күнүнө карата ачык сабак өттү


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 2-сентябрда, Билим күнүнө карата Т.Сатылганов атындагы №69 мектептин 10-11-класстарына ачык сабак өттү.

Онлайн-конференция форматындагы иш-чарага республика боюнча 100 билим берүү мекемесинин окуучулары катышты.

Сабак башталаар алдында чакырылгандарга концерттик программа тартууланды. Мектеп окуучулары эл артисттери Т.Сатылгановдун, К. Орозовдун жана К. Султанбековдун чыгармаларын аткарышты.

Ачык сабакта сөз сүйлөгөн Сүйүнбек Касмамбетов окуучуларды жана мугалимдерди Билим күнү менен куттуктап, терең билим жана татыктуу тарбия алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө азыркы Кыргызстандын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн башатында турган кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбыздын салымын өзгөчө белгиледи.

Сүйүнбек Касмамбетов азыркы эгемендүү мамлекетибиздин башаты Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнөн башталаарын белгиледи.

“1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин азыркы биз билген өзбек, тажик, казак, түрмөн, каракалпак жана башка боордош элдердин баары Россия Союздук Федерациясынын курамында болгон. Ошол жылдардан баштап биздин Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Жанузаков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү аталарыбыз кыргыз элинин өз алдынча, эркин, эгемен мамлекет болушун демилгелеп, ар кандай аракеттерди көрүп, РСФСР жетекчилигине “кыргыз деген өзүнчө маданияты, өзүнө тиешелүү жери бар, өзүнчө эл” деп кайра-кайра кат жазып жүрүп, акыры Кара-Кыргыз автономдуу облусу катары 1924-жылы 14-октябрда бөлүп чыгышкан. Бул жерде баса белгилей кете турган нерсе, ошол аталарыбыз ошол кездерде болгону 20-30 жаштарда эле болгон”, - деди Мамлекеттик катчы.

Ал белгилегендей, ушундай жапжаш курактарында өзүнчө мамлекет кылып түзүп чыгуу үчүн алар эмне деген гана катаал кырдаалдарды, оор сыноолорду баштарынан өткөрүшкөн жок. Алардын мындай демилгесин улутчул деп баалап, бийликке каршы чыгышат деп коркунучтуу душман катары жаманатты кылып көрсөтүп, жалган жалааларды жабышкан.
“Ошентип, автономиялуу облустун түзүлүшү азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы алгачкы кадам болгон. Биз жогоруда аттарын атаган аталарыбыз болбогондо, жалпы кыргыз эли эгемен эл, көз карандысыз мамлекет болот белек, ким билет... Ошол аталарыбыздын көрөгөчтүгү менен 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемен мамлекет болуп, дүйнөлүк саясий картадан орун алды”, - деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов негиздөөчү аталардын акылмандыгы жана көрөгөчтүгү менен Кыргызстан өз көз карандысыздыгын сактап, саясий туруктуулугун арттырып, эл аралык өнөктөштөр менен бекем байланыш түзө алгандыгын айтып өттү. Алардын аракеттери өлкөдөгү демократиялык институттарды, укук тартибин жана адам укуктарын өнүктүрүүгө негиз түздү.

Ачык сабактын аягында окуучулар мамлекеттеги саясий процесстерге, тарыхка, мекенчилдикти өнүктүрүүгө жана улуттук иденттүүлүктү сактоого байланыштуу суроолорун беришти.
2024/10/01 19:23:12
Back to Top
HTML Embed Code: