Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаров “Кыргызалтын” ААКнын өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруучу цехин ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, “Кыргызалтын” ААКнын өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу цехин ишке киргизүү аземине катышты. Имараттын жалпы аянты 1500 чарчы метрден ашат. Өндүрүштүк кубаттуулугу - айына 14 000 даанага чейин куйма чыгаруу.

Өндүрүштө Италия жана Германиядан келген алдыңкы технологиялар жана заманбап жабдуулар колдонулат, алар сувенирдик тыйындарды, медалдарды, ар кандай татаалдыктагы жана көлөмдөгү ордендерди чыгарууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын эгемендик тарыхында өлчөнгөн куймаларды чыгаруучу бул биринчи ишкана.

Мамлекет башчысы өндүрүш процесси менен таанышып, жаңы цех өлкөгө баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногунда өз позициясын бекемдөөгө, ошондой эле атамекендик өнөр жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров бул ишкананы ишке киргизүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндө, жаңы жумуш орундарын түзүүдө маанилүү кадам болорун баса белгилеп, 5-сентябрга чейин өлчөнгөн алтын куймаларын сатып алууну каалагандарга сатууну камсыз кылууну тапшырды.

****

Президент Садыр Жапаров запустил цех по выпуску мерных золотых слитков ОАО «Кыргызалтын»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 30 августа, принял участие в церемонии запуска цеха по выпуску мерных золотых слитков ОАО «Кыргызалтын».
Общая площадь здания составляет более 1 500 квадратных метров. Производственная мощность — до 14 000 штук слитков в месяц.

В производстве используются передовые технологии и современное оборудование из Италии и Германии, которые позволят выпускать сувенирные монеты, медали, ордена различной сложности и объема.

Строительство предприятия по производству мерных слитков стало первым в истории независимости Кыргызстана.
Глава государства ознакомился с производственным процессом и выразил уверенность, что новый цех позволит стране укрепить свою позицию на мировом рынке драгоценных металлов, а также будет способствовать развитию отечественной промышленности.

Президент Садыр Жапаров подчеркнул, что запуск этого предприятия станет важным шагом в экономическом развитии Кыргызстана, создании новых рабочих мест, и поручил до 5 сентября обеспечить продажу мерных золотых слитков всем желающим их купить.
Президент Садыр Жапаров Чүй облусун жана Кара-Балта шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Чүй облусун жана Кара-Балта шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты.

Мамлекет башчыга бул облусту өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономикалык өсүштү өбөлгөлөөгө багытталган долбоорлордун ишке ашырылуусу тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, Садыр Жапаровго Кара-Балта шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында өлкө бюджетинен бөлүнгөн 1 млрд сомдук иштердин пландары жана жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди.

Алсак, Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын реконструкциялоого республикалык бюджеттен 158,5 млн сом каралган. Шаардын жалпы узундугу 23 чакырымды түзгөн 18 көчөсүндө суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө 8931,00 метр траншеялар казылып, 6260,00 метр болот түтүктөр ширетилип, 180 кудук орнотулду.

Шаарда 140 орундуу жаңы бала бакча курулат, анткени 1960-жылдан бери иштеп келе жаткан мекеме имараттын конструктивдик долбоору заманбап ченемдерге жана талаптарга жооп бербегендиктен ушул жылдын май айында жабылган. Жалпы пайдалуу аянты 1100 чарчы метр болгон заманбап 2 кабат имаратты куруу пландаштырылууда.

Мындан тышкары, максаттуу трансферттин эсебинен Кара-Балта шаарында жалпы суммасы 184,7 млн сомго узундугу 10 км болгон автомобиль жолдорун капиталдык оңдоо (асфальт-бетон төшөө) каралган, ошондой эле ачылып жаткан өнөр жай ишканаларына алып баруучу жолдорду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Шаарды өнүктүрүү планына ылайык, «Жол курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасы түзүлөт. Долбоордун алкагында асфальт-бетон жана таш майдалоочу цехти, бетон заводун, вибрациялык пресс, жол белгилерин чыгаруучу цехти куруу, жол курулуш техникаларын сатып алуу каралган.

Муну менен катар туризмди өнүктүрүүгө, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоор «Кербен» муниципалдык базарын куруу пландалууда. Долбоордун алкагында 78 соода павильонун орнотуу жана аймакты жашылдандыруу камтылган.

Буга чейин 30 жылдан ашык токтоп турган «ДАН» мамлекеттик ишканасынын базасында макарон азыктарын өндүрүү кайрадан жанданат. Бүгүнкү күндө имаратты реконструкциялоо иштери уланууда. Долбоор 2024-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Цехтин аянты 4,0 миң чарчы метрден ашык.

Ушул эле Кара-Балта шаарында кышкы бассейн, бокс жана күрөш залдары, футбол аянтчасы, башкы корпусту камтыган «Манас» спорт комплекси реконструкцияланууда. Реконструкциядан кийин көрүүчүлөр трибунасы 2149 орунга эсептелип, ага 49 орундуу VIP зонасы да кирет. Бардыгы болуп 20 спорттук секция иштейт, аларга 700 адам катышат.

Мындан тышкары шаарда иштеп жаткан эки эс алуу багы реконструкцияланат.

Ошону менен бирге санариптештирүүнүн алкагында шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү, жол кырсыктарын азайтуу, шаардын коопсуздугун жакшыртуу максатында интерактивдүү карталар түзүлөт, видеокамералар сатылып алынып, орнотулуп жатат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борборуна туташтыруу менен адамдын жүзүн таануу жана мамлекеттик номерди таануу функциялары бар 34 видеокамераны орнотуу пландаштырылып жатат. Камераларды шаардын 11 жеринде орнотуу пландалууда.
2024/10/02 06:20:56
Back to Top
HTML Embed Code: