Telegram Web Link
Президент Садыр Жапаровдун Астанадагы ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусу аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусу аяктады.

Иш сапарынын биринчи күнүндө, 3-июлда, Мамлекет башчысы Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

4-июлда Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

Иш-чара Беларустун ШКУга толук кандуу мүчөлүгү тууралуу документке кол коюу аземи менен башталды.

Отурумда сөз сүйлөп, Садыр Жапаров терроризм, киберкоркунучтар жана эл аралык кылмыштуулук сыяктуу учурдагы глобалдык көйгөйлөр тыкыр көңүл бурууну жана биргелешкен ишти талап кылаарын белгилеп, Кыргызстандын Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борбор түзүү тууралуу сунушталган демилгесинин маанилүүлүгүн айтты.

ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери уюмдун мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.

Андан соң Садыр Жапаров ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууга катышты.

Иш-чарага ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары, байкоочу өлкөлөр, ошондой эле эл аралык уюмдардан БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев жана башкалар катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө азыркы дүйнөдө өз ара байланыш жана глобалдык чакырыктар шартында тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн көп тараптуу диалогду бекемдөө зарыл экенин айтып өттү. Бул өз ара пайдалуу кызматташуунун оптималдуу жолдорун табууга, ошондой эле эч бир өлкө жалгыз чече албаган көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурстарды, билимди жана тажрыйбаны бириктирүүгө жагымдуу мүмкүнчүлүк берет.

Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, 4-июлда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.
Завершилось участие Президента Садыра Жапарова в заседании Совета глав государств ШОС в Астане

Завершилось участие Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в заседании Совета глав государств Шанхайской организации сотрудничества, состоявшемся в г. Астана (Республика Казахстан).

В первый день рабочего визита, 3 июля, Глава государства провел переговоры с Президентом Монголии Ухнаагийном Хурэлсухом и с Председателем Китайской Народной Республики Си Цзиньпином.

4 июля Президент Садыр Жапаров принял участие в заседании Совета глав государств Шанхайской организации сотрудничества.

Мероприятие началось с церемонии подписания документа о полноправном членстве Беларуси в ШОС.

Выступая на заседании, Садыр Жапаров констатировал, что существующие глобальные проблемы, такие как терроризм, киберугрозы и международная преступность, требуют пристального внимания и совместной работы, отметив важность представленной инициативы Кыргызстана о создании Центра по противодействию международной организованной преступности в г. Бишкек.

По итогам саммита ШОС лидеры стран подписали ряд многосторонних документов, направленных на развитие взаимовыгодного сотрудничества между членами Организации.

Далее Садыр Жапаров принял участие во встрече в формате “ШОС плюс”, которая прошла на полях заседания Совета глав государств ШОС.

В мероприятии приняли участие главы государств-членов ШОС, страны-наблюдатели, а также от международных организаций присутствовали Генеральный секретарь ООН Антониу Гутерриш, генеральный секретарь ОДКБ Имангали Тасмагамбетов, генеральный секретарь СНГ Сергей Лебедев и другие.

В своем выступлении Президент Садыр Жапаров отметил, что в современном мире в условиях взаимосвязанности и глобальных вызовов необходимо укреплять многосторонний диалог для обеспечения мира и устойчивого развития. Это дает благоприятную возможность найти оптимальные пути взаимовыгодного сотрудничества, а также объединения ресурсов, знаний и опыта для преодоления проблем, которые ни одна страна не может решить в одиночку.

Завершив рабочий визит в Казахстан, Президент Садыр Жапаров 4 июля вернулся в г. Чолпон-Ата Иссык-Кульской области.
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжан Республикасына жөнөп кетти.

Мамлекет башчысы бул сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал Саммитине катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу” болуп саналат.

Делегациянын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Максат Мамытканов;
- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.

***********

Президент Садыр Жапаров вылетел с рабочим визитом в Азербайджан

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 5 июля, с рабочим визитом вылетел в Азербайджанскую Республику.

В рамках визита, который состоится 6 июля, Глава государства примет участие в неформальном Саммите глав стран-участниц Организации тюркских государств.

Темой внеочередной встречи глав государств Организации является «Транспорт, связь и обеспечение формирования устойчивого будущего посредством климатической деятельности».

В составе делегации:

— министр иностранных дел Жээнбек Кулубаев;
— заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев;
— Чрезвычайный и Полномочный посол Кыргызской Республики в Азербайджане Максат Мамытканов;
— министр транспорта и коммуникаций Тилек Текебаев.
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжан Республикасына келди.

Мамлекет башчысынын борту Физули шаарындагы Эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжан Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Ягуб Эюбов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө-мамлекеттердин жана байкоочуларынын желектери илинген, килем төшөлгөн, аны бойлото Ардактуу кароол тизилген.

Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал Саммитине катышат.

**

Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в Азербайджан

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 5 июля, с рабочим визитом прибыл в Азербайджанскую Республику.

Борт Главы государства приземлился в международном аэропорту г. Физули.

Президента Садыра Жапарова встретил Первый Вице-премьер-министр Азербайджанской Республики Ягуб Эюбов и другие официальные лица.

На флагштогах аэропорта вывешены флаги государств-членов и наблюдателей ОТГ, расстелена ковровая дорожка, вдоль которой выстроен почетный караул.

Отметим, что в рамках рабочего визита Президент Садыр Жапаров примет участие в неформальном Саммите глав стран-участниц Организации тюркских государств.
2024/10/02 06:29:06
Back to Top
HTML Embed Code: