Telegram Web Link
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

****

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в Астану
Президент Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары тереңдетүү, ошондой эле тоо-кен тармагында жана туризм чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров акыркы жылдары Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий диалогдун активдешүүсү байкалганын, бул эки өлкөнүн кызматташтыгынын кеңири спектрин тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн баса белгиледи.

Бул контекстте соода-экономикалык кызматташтык алдыңкы планга чыгып жатканын Мамлекет башчысы белгилеп, Кыргызстан үчүн Монголия менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү - эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүүгө багыт алып жатканын жана Монголиянын рыногунда суроо-талапка ээ болгон жогорку сапаттагы жана экологиялык жактан таза продукцияны сунуштай аларын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелерди мындан ары жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Монголиянын лидерин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Президент Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаров менен жылуу саламдашып, Кыргызстандын Президентинин Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча көптөгөн тармактарда салттуу байланыштар бекемделгенин канааттануу менен белгиледи. Жетишилген макулдашуулар ишке ашырылууда.

Ал Монголия Кыргызстан менен кызматташтыкты эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын баса белгиледи.

Муну менен катар Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстан менен транспорттук-логистикалык, билим берүү жана өз ара кызыкчылык туудурган башка чөйрөлөрдү өнүктүрүү боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жагын карап чыгууну сунуштады.

Сөзүнүн аягында Монголиянын лидери Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакыруусун кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров встретился с Президентом Монголии Ухнаагийном Хурэлсухом

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 3 июля, в рамках рабочего визита в Республику Казахстан встретился с Президентом Монголии Ухнаагийном Хурэлсухом.

В ходе встречи состоялось обсуждение дальнейшего углубления торгово-экономического и культурно-гуманитарного сотрудничества, а также реализации совместных проектов в горнодобывающей отрасли и сфере туризма.

Садыр Жапаров подчеркнул, что в последние годы наблюдается активизация политического диалога между Кыргызстаном и Монголией, что создает благоприятные условия для углубления и расширения широкого спектра сотрудничества двух стран.

В этом контексте на передний план выходит торгово-экономическое сотрудничество, которое как отметил Глава государства, является для Кыргызстана одним из важнейших направлений двустороннего сотрудничества с Монголией.

Глава государства констатировал, что Кыргызстан проводит курс на развитие производства экологически чистой сельскохозяйственной продукции и может предложить высококачественную и экологически чистую продукцию, которая будет востребована на монгольском рынке.

Президент Садыр Жапаров, отмечая важность дальнейшего улучшения двусторонних отношений, пригласил лидера Монголии посетить с визитом Кыргызстан.

В свою очередь, Президент Ухнаагийн Хурэлсух тепло поприветствовал Садыра Жапарова и с удовлетворением отметил, что по итогам государственного визита Президента Кыргызстана в Монголию укрепились традиционные контакты во многих сферах. Идет реализация достигнутых договоренностей.

Он подчеркнул, что Монголия намерена развивать сотрудничество с Кыргызстаном как в двустороннем, так и в многостороннем форматах.

Наряду с этим, Ухнаагийн Хурэлсух предложил рассмотреть углубление взаимодействия с Кыргызстаном по развитию транспортно-логистической, образовательной и других сфер, представляющих взаимный интерес.

В заключение лидер Монголии принял приглашение Президента Садыра Жапарова посетить Кыргызстан с официальным визитом.
Президент Садыр Жапаров Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

https://president.kg/news/all/25504

*********

Президент Садыр Жапаров провел переговоры с председателем Китая Си Цзиньпином

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 3 июля, встретился с Председателем Китайской Народной Республики (КНР) Си Цзиньпином в г. Астана (Республика Казахстан).

https://president.kg/news/all/25504
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Астана шаарында ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди


****

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров прибыл для участия в заседании Совета глав государств – членов ШОС в г. Астана
Астанада ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларын тосуп алуу аземине катышты.

ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин кезектеги жыйыны Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүүдө.

Эгемендүүлүк сарайында саммиттин катышуучуларын Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Иш-чарага Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия ж. б. мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

*******

В Астане состоялась церемония приветствия глав государств-членов ШОС

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 4 июля, принял участие в церемонии приветствия глав государств-членов Шанхайской организации сотрудничества (ШОС).

Очередное заседание лидеров стран ШОС проходит в г. Астана (Республика Казахстан).

Во Дворце независимости участников Саммита приветствовал Президент Республики Казахстан Касым-Жомарт Токаев.

По завершению церемонии приветствия и совместного фотографирования лидеры стран перешли в зал для переговоров.

В мероприятии принимают участие главы государств и правительств Казахстана, Индии, Ирана, Китая, Кыргызстана, Пакистана, России, Таджикистана, Узбекистана, Беларуси, Монголии, Азербайджана, Катара, Турции и др.
Президент Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинде: ШКУнун кабыл алган демилгелери туруктуу, коопсуз жана өнүккөн аймакты курууга болгон жалпы умтулууну толугу менен чагылдырат

“Кабыл алынып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун "Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө" демилгеси, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин "Ынак коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк принциптери жөнүндө" билдирүүсү ШКУнун туруктуу, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн аймагын курууга болгон жалпы умтулуубузду толугу менен чагылдырат”, - деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Казакстан Республикасынын Астана шаарында ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында белгиледи.

https://president.kg/news/all/25506

********

Президент Садыр Жапаров на СГГ ШОС: Принимаемые инициативы ШОС полностью отражают общее стремление в построении стабильного, безопасного и процветающего региона

«Принимаемая Инициатива Шанхайской организации сотрудничества «О мировом единстве за справедливый мир и согласие», а также Заявление СГГ ШОС «О принципах добрососедства, доверия и партнерства» полностью отражают общее стремление в построении стабильного, безопасного и процветающего региона ШОС», - отметил Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, выступая сегодня, 4 июля, на очередном заседании Совета глав государств ШОС (ССГ ШОС) в г. Астана, Республика Казахстан.

https://president.kg/news/all/25506
2024/10/02 02:36:58
Back to Top
HTML Embed Code: